Он төрт чакырымдан Тамашага таза суу чыгарган айым

Соц.тармактарда бөлүшүү

Тамаша айылы Кадамжай районуна карайт. СССРдин тушунда ар бир үйгө таза суу чыгарылып, ак төөнүн карды жарылган, төгүл-чачыл заман болчу. Кийин курулган бул суу түтүктөрү эскирип, айыл тургундарын көйгөйгө сала баштады. Жарылганы-жарылып, четинен жарактан чыга баштаганда, тамашалыктар маселени чечүү үчүн айыл өкмөтүнөн тарта, жогорку бийликке чейин кайрылышкан күндөр көп болгон. Анын үстүнө Тамашада элдин саны өскөн сайын тескерисинче таза суунун көйгөйү элеттиктердин жашоо тиричилигин күндөн-күнгө оорлоткон.

Ушундай кырдаалда, 37 жашында капилет көзү өтүп кеткен атасынын урматына тамашалык ишкер айым Бегимай Мажитова 14 чакырымдан айылдаштарына суу тартып келип берүүнү чечти. Айтканга оңой болгон менен аткарууга келгенде анча-мынча эркектер аткара албаган мындай жооптуу ишти баштаар менен эле курулуш иштери шыр жүрө баштады. Таза суу курулушуна керектүү бардык курулуш каражаттары, куурлардан тарта, бетон шакекчелерге чейин жеткирилип, керектүү техникалар тартылды. Айылдагы курулушту сапаттуу бүткөрүү милдетин ишкер айымдын агасы Жаныбек Мумбаев өзү көзөмөл жүргүзүп, учурда иш кызуу жүрүүдө.

Айылдаштары Бегимайдын мындай чечкиндүү кадамына ыраазычылык айтып жетине албай турушат. Аксакалдар бата беришип, ал эми жаштар жабыла ашарга чыгышып, көп жылдык көйгөйдү бер дем менен бүтүрүүнүн аракетин көрүшүүдө. Жакында райондун акими Баяке уулу Болоткан барып, биримдиги күч, ынтымагы бекем айылдаштардын атынан ишкер айымга рахмат айтып, курулуш иштери менен таанышып кайтты.

Тамаша, Кароот, Жалгыз-Булак айылдарындагы жалпы кожолуктун саны 947 түтүн же 20000ден ашуун калк жашаган аймакка август айына чейин буюрса таза суу жеткирилет.

Тамашада төрөлүп, айылдаштарынын жыйырма жылдан бери чечилбей келген көйгөйүн чечүүгө бел байлаган айымдын мындай чечкиндүү аракети чын эле башкаларга үлгү. Ата Мекен мага эмне кылды дебестен тескерисинче, Ата Мекендин өнүгүүсүнө үлүш кошкон мындай ишкер айымдар көп болсун! Тамаша айылына 14 чакырымдан таза суу тартып келүүгө 4 млн. сомго чукул акча кетээрин эске алсак, Бегимайдын өрнөктүү иши бардык өлкөдөгү ишкерлерге өрнөк болуш керек.

Таза суу түтүгү сапаттуу бүткөрүлөөрү менен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилет.

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *