Бүгүн, 8-апрелде КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолукту.
Айбек Шаменов ЕККУ Баткен облусун өнүктүрүүдө ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, консультациялык жана техникалык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушууда өзгөчө кырдаалдарга даярдык, айлана чөйрөнү коргоо жана чакан бизнес жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Баткен шаарында ЕККУнун колдоосу менен консалтинг борбору ачылып, ишкерлерге бизнес, каржы, салык маселелери жана юридикалык жардам көрсөтүлүүдө. Тараптар кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү боюнча макулдашты.