Менин кыргызча сүйлөгөнүмө көптөр таң калышат

Соц.тармактарда бөлүшүү

Райсадин Ибрагимов, МАИ инспектору:
«Менин кыргызча сүйлөгөнүмө
көптөр таң калышат”

Райсадин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору. Буга чейин Чүй аймагында иштеп, ротациялык жол менен Баткенге которулуп келгенине 8 айдын жөзү болду. Бул кыска аралыкта тажрыйбалуу инспектор катары коомдук жайларда, мектептерде, автобекеттерде жол кырсыгынын алдын алуу боюнча такай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

Айтмакчы Казакстанда төрөлүп, Кыргызстанда жашап калган Райсадин өзү азербайжан болсо дагы кыргыз тилинде так сүйлөп, түш жоруйт.
-Мен кыргызча сүйлөсөм бары таң калып карашат. Айрым орусча сүйлөгөн кыргыздарга да атайлап кыргызча жооп берип коем. Жол коопсуздугунун алдын алуу үчүн ириде айдоочуга, жүргүнчүгө жүрөгүнө жеткенче түшүндүрүш керек. Жолдо жол эрежесин бузган айдоочуну жазалагандан көрө аларга жеткиликтүү түшүндүргөн пайдалуу. Ошондуктан, мен ар убак коомчулукка, элге өзгөчө айдоочуларга бөөдө адам өмүрүн кыйбагыла, жол эрежесин сактагыла деп көп айтуудан тажабайм.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *