Мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку даражадагы наамынын ыйгарылгандыгына байланыштуу, Баткен облусунун эли Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирет.
Белгилүү болгондой, Президент сыйлыкты Абдыкадыр Орозбековдун небереси Уразбекова Юлдузхан Узгаришевнага тапшырды.
Кыргызстандын совет доорундагы ири мамлекеттик ишмери, кыргыз совет мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири, Абдыкадыр Орозбеков, Баткен облусунун Кадамжай районунун Охна кыштагында туулган.
Кара Кыргыз автоном облусунун Төрагасы
Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Төрагасы
Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп иштеген. Ошондуктан Кыргыз мамлекетинин биринчи Президенти катары тарыхта жазылган.
Кыргыз АССР Конституциясын иштеп чыгууга чоң салым кошкон.
Ошентип, чыгаан инсан Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылдан 1937-жылдын октябрь айына чейин Кыргызстандын мамлекет башчысы болуп абийирдүүлүк менен иштеген.
Сталинизм доорунда жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынган. 1956-жылдын 21-майында партиялык жагынан акталган.
Орозбеков көп жылдар бою республиканы жетектеп, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана чыңдалышына, жаш республиканын социалдык – экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө зор салым кошкон.

