Быйыл кыш абасы жылуу келди. Ушундан улам Лейлек районунун суу чарба кызматкерлери жазга карата даярдыктарды башташты. Учурда 26 кызматкер жана керектүү техникалар менен Кулунду каналын тазалоого киришти.
Тоң жок, күн жылуу болгон райондун ылдыйкы бул аймагы Тажикстан менен чектеш.Жазы эрте келген өрөөндө жыл сайын февраль айынын экинчи жарымында жазгы талаа башталарын эске алсак, быйыл жылдагыдан эрте.