Лейлекте “Шоро” насостук станциясы курулду

Соц.тармактарда бөлүшүү

Лейлек районунун Бешкент айыл аймагына “Шоро” насос станциясын куруу үчүн, республикалык бюджеттен Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500млн сомдун эсебинен 3,6 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 1млн сом бөлүнгөн.
Долбоордун алкагында насостук станция жана 670 метрге суу түтүктөрү тартылган.
Шоро участкасы бийиктикте жайгашкандыктан, өз нугу менен суу чыкпайт. Аймакка Советтер союзу мезгилинде көчмө насостук станциясы аркылуу суу чыгарылып турган. Аталган станция эскилиги жетип, жараксыз абалга келген соң, суу таңкыстыгы жаралган. Айрым жашоочулар өз алдынча суу чыгарганы менен, толук кандуу муктаждык канааттандырылган эмес. Мындан улам республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп “Шоро” насостук станциясы курулду.
Учурда 110 кожолук жашаган аймакка Шоро булагынан суу чыгарылды. Белгилей кетсек Шоро участкасында Бешкент айыл аймагынын элдеринин үлүш жерлери да бар.
Бул ирригациялык обьекттин курулушу менен, жалпы 43,0 га жер аянты сугарылат. Тагыраагы 13,0 га сугат айдоо, 9,0 га бак-дарак, 9,0 га калктуу конуштун жерлери. 12,0 га жер жаңыдан өздөштүрүлөт. Анын 8,0 га калктуу конуш үчүн, 4,0 га өндүрүштүк ишканалар үчүн жер аянты.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *