Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагынын 41 жаштагы тургуну 2022-жылдан бери “Б”. “У”. “М” “Ө”. аттуу жарандар “Балдарыңдын келечегин ойлогун, аларды көрбөй калышың мүмкүн. Өзүңдү майып калабыз деп коркутушуп” 15000 АКШ долларын опузалап талап кылышкан. Аргасы кетекен жаран күйөө баласынын айдап жүргөн Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын 1000000 (миллион) сомго карызга алып, опузалаган топко өткөрүп берген.
Бул боюнча Баткен ОИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.
Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Баткен облусунун аймагында оор жана өтө оор кылмыштарды аныктоо жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында жогорудагы арыздын негизинде ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, жабырлануучуну коркутуп акча талап кылып жүргөн топту, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын ИИМнин каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендигин аныктап, өздүктөрүн тактады.
Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагынын тургуну 40 жаштагы Ж.У., жана Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагынын 33 жаштагы тургуну Б.Б. Бишкек шаарынан, ал эми Лейлек районунун Интернационал айылынын 46 жаштагы тургуну Ш.Ө. Сүлүктү шаарынан аныкталып, кармалды.
Кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, булардын кылмыштуу шериги Г.Мга издөө иштери ачылды.
Учурда тергөө иштери уланууда.