Район аймагындагы билим берүү мекемелеринин жанындагы жол белгилери ылдамдыкты чектөө боюнча 40тан 30га өзгөртүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык мектеп жана бала бакчалардын жанында айдоочулар унаанын ылдамдыгын саатына 30 чакырымга чейин төмөндөтүүсү көрсөтүлгөн. Бул жаңы белгилер жаш өспүрүмдөр катышкан жол унаа кырсыктарынын алдын алуу болтурбоо максатында уюштурулууда.
Лейлек РИИБ боюнча ЖККБ кызматкерлери тарабынан Лейлек районунун аймагындагы унаа жолдордун боюнда жайгашкан баардык билим берүү мекемелеринин алдындагы жолдор каралып, жол тейлөө мекемелерине тийиштүү жол көрсөтмөлөрү берилип,жөө адамдар өтүүчү өтмөктөргө жаңы жол сызыктары чийилип, жол жээгине жарыктандыруу иштери, эскилиги жеткен жол белгилери, жөө өтмөктөр жаныланып, керектүү жол белгилери орнотулууда.