Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата Лейлекте ИИМдин ардагерлеринин ортосунда спорттук оюндар өткөрүлдү. Баткен ОИИБ дин маалымат кызматы билдиргендей
Лейлек РИИБдин башчысы милициянын подполковниги Кожобек Козубаевдин демилгеси менен Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Раззаков шаарында ардагерлер менен кызматкерлердин ортосунда спорттук оюндар өткөрүлдү. Спорттун аркан тартыш жана кичи футбол боюнча мелдештер уюштурулуп, кызыктуу оюндар болду.
Ардагерлер ортосундагы сергектик жашоо, бири-бирине болгон ынтымакты колго алуу максатында уюштурулуп, баш байгеге Лейлек РИИБдин башчысы милициянын подполковниги Кожобек Козубаевдин Кубогу коюлду.
Орунду камсыз кылган командалар медалдар менен сыйланып, оюндун аягында ардагерлерге чай уюштурулду.