Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан «Өкмөттүк акселераторлор» – “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” программасынын алкагында үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу демилгеси ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасына ылайык, Лейлек районунда 3 бала бакча ачылып 75 бала үй тибиндеги бала-бакчага тартылды. Кулунду айыл аймагында 2, Жаңы-Жер айыл аймагында 1 бала бакча өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Программаны ишке ашырууда Раззаков шаарында 2021-жылдын 29-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда курман болгон аскер кызматкери Бекзат Юлдашовдун жаркын элесине арнап үй-бүлөсү тарабынан үй тибиндеги бала бакча ачылды. Бала бакчаны ачууда Б. Юлдашовдун ата-энеси демилге көтөрүп, өздөрү демөөрчүлүк көрсөтүп 100 балага ылайыкташкан имаратты пайдаланууга берди.
Ачылуу аземине КРнын Президентинин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж. Исаков, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М.Каримбердиева, коллегия мүчөлөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар, аялдар кенештери, 2051 Аскер бөлүгү, куралдаш достору жана туугандары катышты.










