Лейлек районунда кадрдык өзгөрүүлөр болду
Айыл өкмөтүнүн башчылары, облуста жүргүзүлгөн административдик аймактык реформадан кийин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” №521-жарлыгынын негизинде, акимдин буйругу менен дайындалды.
Бул боюнча Лейлек районунун акими Канимет Осмонбековдун 2024-жылдын 18-ноябрындагы буйругуна ылайык
1.Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы кызмат ордуна – Баетов Медербек Мурзабекович
2.Кулунду айыл аймагынын башчысы кызмат ордуна – Жороев Эмилбек Муктаралиевич
3.Кең-Талаа айыл аймагынын башчысы кызмат ордуна – Джумабаев Рамис Шайбекович
4.Ак-Суу айыл аймагынын башчысы кызмат ордуна – Худаяров Рустөмбек Жанибекович
5.Тогуз-Булак айыл аймагынын башчысы кызмат ордуна -Рахманов Алмазбек Азиреткулович
6.Сумбула айыл аймагынын башчысы кызмат ордуна -Темирбаев Сардарбек Омурзакович
7.Лейлек айыл аймагынын башчысы кызмат ордуна – Ташбалтаев Өскөнбай Каримовичтер дайындалды.






