Кызыл-Кыяда баштык чыгарган ишкана ишке кирди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кагаз баштыктарды жана каптарды жасаган муниципалдык ишкана, Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда салтанаттуу ачылды.
Аземге шаар мери Асылбек Маткалыков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлер, шаар тургундары катышты.
Ишкана шаардык мэрия жана жеке ишкердин өнөктөштүгү менен түзүлдү.
Ишкананын жабдууларын сатып алууга республикалык бюджеттен Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган каражаттан 4млн 600миң сом жумшалган.
Күнүнө 5000даана баштык чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон ишканада 10го жакын жумуш орун түзүлөт.
Экологиялык жактан таза баштыктарын өндүргөн ишкананы түзүүнүн максаты – полиэтилен баштыктарды кагаз баштыктарга алмаштыруу менен калктын ден соолугун жана шаардын тазалыгын сактоо, жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү бюджетти өстүрүү.
Белгилүү болгондой, акыркы кезде айлана чөйрөнү коргоо талаптарына ылайык, кагаз баштыктарынын артыкчылыгына өзгөчө маани берилүүдө.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *