Кызыл-Кыя: Шаар мэри ажылыкка аттанган жарандар менен жолугушту

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн, 5-июнь күнү Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков жана баш имам хатиб Н.Топчиевдер ажылыкка аттана турган жарандар менен жолугушуп, зыяратчыларга жакшы каалоо-тилектерин айтышты.  

Болочок ажылар менен жолугуп жатып шаар башчысы А.Маткалыков зыяратчыларга ак жол каалап, аман-эсен барып келиштерин тилеп, Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 Жарлыгы менен тааныштырып, ысырапкерчиликтин алдын алуу жана болтурбоо боюнча маалымат берди.

Жолугушууда шаардын баш имаи-хатиби ажылыктын исламдагы орду, ажылык ибадатты так аткаруу, ажы башчыларга баш ийүү, сабырдуулук жана эл ичиндеги биримдик, бири-бирин сыйлоо, бири-бирине кызмат кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле сапар учурунда Сауд Араб Падышачылыгынын тиешелүү мыйзамдарына баш ийип, САПтын ажылык министрлигинин талаптарын аткаруу керектигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, 31-майда биринчи каттам Ош – Медина багыты боюнча башталган. Кыргызстандан ажылыкка аттанган зыяратчылардын алгачкы реиси нурдуу Медина жана Жидда шаарына жасалып, алдыңкы топтор мейманканаларга жайгаштырылган. 31-майдан 8-июнга чейин Ош – Медина жана Ош-Жидда багыттары боюнча 4018 жаран учуп кетмекчи. Ал эми Бишкек шаарынан алгачкы каттам 6-июнда башталып, 10-июнга чейин уланат. Жалпысы болуп 2042 жаран Бишкек – Медина, Бишкек – Жидда багыттары боюнча жөнөп кетишмекчи. Быйылкы жылы 6060 жаран өздөрүнүн ажылык ибадаттарын аткаруу үчүн Сауд Араб Падышалыгына жөнөп жатышат. Ажылыктын нарктамасы 3750 АКШ долларын түзгөн.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *