2024- жылдын 5-июнь күнү шаарыбыздагы Ала-Тоо маданий борборунда 7-июнь “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Ж. Маткалыков, шаардык кеңештин төрагасы Ж.С.Калматов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаарыбыздагы финансы тармагында эмгектенген кызматкерлер катышты.
Шаар мэри финансы кызматкерлерин куттуктап кызматтык милдеттемелерин так аткарып, шаарыбыздын өнүгүшүнө талыкпай иштеп, өз салымдарын кошуп келе жаткан кызматкерлерге ардак грамоталарын жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.