Абдирашитов Талантбек Абдыкайымович, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын директору:
“Кыска аралыкта облустук оорукананын базасын кыйла жаңыладык”
Жаш келсе ишке дегендей Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаңы жаш, директор келгенден берки эки жыл аралыгында олуттуу көзгө көрүнгөн жакшы жаңылыктар болууда. Буга чейин каралбай келген оорукананын айланасы көрктөндүрүлүп, жаңы курулуштар менен толукталды. Оорукананын материалдык базасы чыңдалды, медициналык жаңы жабдуулар менен камсыздалды. Натыйжада жаңы бөлүмдөр ачылып, койкалардын саны көбөйдү. Анын ынанымдуу далили катары жандандыруу бөлүмү кеңейтилип, терапиялык интенсивдүү бөлмөсүн (ПИТ) бөлүмү ачылды.
Мунун баары чек эмес дейт мекеменин жетекчиси Талантбек Абдыкайымович. Жаңы жыл алдындагы жагымдуу жаңылыктардан кийин жетекчиге бир катар суроолор менен кайрылдык.
- Талантбек Абдыкайымович облустук ооруканадагы жаңылануулар жөнүндө кеп баштасаңыз?
- -Биз акыркы эки жыл аралыгында облустук оорукананын инфраструктураларын жакшыртууга жана бөлумдөрдү кеңейтүүгө көңүл бурдук. Натыйжада неврология менен терапия мурдагы травматологиянын ичинде 20 койка болчу. Биз аларды кеңейтип, терапиялык оорулар багытына 51 керебетке, ал эми неврологиялык багытына болсо 27 керебетке жеткирдик. Мындан тышкары, терапиялык интенсивдүү бөлмөсүн (ПИТ) ачтык. Буга чейин бул бөлүм жандандыруу бөлүмүнун ичинде болуп инфаркт, инсульт менен жабыркагандар дагы ошол эле бөлүмдө каралчу. Биздин мындай аракетибиздин натыйжасында жандандыруу бөлүмүндөгү иштер жеңилдеп, мурдагы көйгөйлөр чечилди. Ошого удаа эле травматология бөлүмдү дагы кеңейтип, үчүнчү кабаттан биринчи кабатка түшүрдүк. Травматология бөлүмүнүн өзүндө операциялык блок ачылып, операцияларды жасоого мүмкүнчүлүктөрдү түздүк.
- Оорукананын ички инфраструктурасында дагы өзгөрүүлөр болду дедиңиз эле. Ушуга кененирээк токтолсоңуз?
- -Ооба ооруканада эң башкысы көп жылдан бери иштебей келген лифтти иштеттик. Өзүңүздөргө маалым болгондой оорукана үчүн лифт өтө зарыл болчу. Оор абалда келген бейтаптарды экинчи, үчүнчү кабатка чыгарууда көп көйгөйлөр болуп келген болсо, эми алардын баары четтетилди. Мындан тышкары, оорукананын айланасын иретке келтирдик, канализацияларды жаңыладык, оорукананын аянтына 40 тонналуу суу сактагычы жасалып, бөлүмдөрдү ысык жана муздак суу менен камсыздоо жагын жүзөгө ашырдык. Жаңы электр көмөкчү чордондорун орноштуруп, кокус электр энергиясы аварияга учураса, оорукананы үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо максатында, 150 КВтык генератор орноттук. Бир караганда майда маселедей көрүнгөнү менен оорукана үчүн өтө зарыл болгон бул муктаждыктар да чечилди деп айтсак болот.
Кадр маселеси кандай болуп жатат сиздерде? Дарыгерлер жетиштүүбү?
-Дарыгерлердин жетишпестиги боюнча көйгөйлөр бар. Биз И.К.Ахунбаева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясы менен алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаш дарыгерлерди тартып жатабыз. Азыркы учурда жетишпеген дарыгерлердин ордуна тогуз ординаторлор менен иштешип жатабыз. Аларга кошумча окуу жай тарабынан стипендия катары 20000 сомдон төлөнүүдө. Мындан тышкары дарыгерлерге депозиттер берилүүдө. Мына ушундай жеңилдиктер менен хирург, невролог, терепевт, реаниматолог адисиндеги дарыгерлерге айлык маянадан сырткары 20000 сомдон компенсация төлөнүүдө. Айлык маяналар көтөрүлүп жатат. Буюрса өзүбүздөн кеткен жаштар кайрадан бизге келе баштайт деген жакшы максаттарыбыз бар.
- Облус уюшулганга чейин азыркы райондук оорукананын базасында түзүлгөн облустук оорукана өзүнүн статусуна канчалык деңгээлде жооп берет?
- –Туура биз облустук деп аталганыбыз менен мурдакы райондук оорукананын базасында иштеп жатабыз. Акыркы 25 жылдыктын аралыгында бизге жакшы колдоолор болду. Бирок өзүңүзгө маалым болгондой облустук оорукана деген статусубуз бар. Буга кошумча элдин саны дагы күн санап өсүүдө. Ушул өңүттөн алып караганда биз жаңы заманбап оорукананын имараттын базасын курушубуз керек. Бул боюнча иштер жүрүп жатат. Бужум тараптан 4,5 гектар жер алганбыз. Мындан тышкары Түлкү-Таш тараптан 2,5 гектар жерге райондук-шаардык ооруканаларды курабыз деген жакшы максаттарыбыз бар. Буюрса бүгүнкү күндө жаңы, заманбап, көп тармактуу 75 керебеттүү балдар ооруканасын куруу үчүн, толук документтер даярдалып, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 2025 жылга АРИС тарабынан курула турган болууда.
Адылбек Акматов, “Баткен таңы”