Кыргызстанда электромобилдерге жашыл номурлар берилет.

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргызстанда электромобилдерге жашыл номурлар берилет. Президент Садыр Жапаров “КРнын айрым мыйзам актыларына (“Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. 

Бул мыйзам  Жогорку Кеңеш  тарабынан 14-мартта кабыл алган. 

Кабыл алынган мыйзамда электр кыймылдаткычтары бар дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын пайдаланууда жеңилдиктерди берүү жана электр менен жүрүүчү транспорт каражаттарын заряддоо инфраструктурасын түзүү каралган.

Ошондой эле, кабыл алынган мыйзамда мамлекеттик каттоодо электромобилдерге атайын жашыл мамлекеттик каттоо белгилерин берүү киргизилген.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *