Кыргыз-Тажик чек ара тилкелеринин сыпаттамасы толугу менен аяктады

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташты.

Бүгүн, 4-декабрда министрлер кабинети эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселеси толугу менен такталганын билдирди.

Маалым болгондой 2024-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов ортосунда жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын башчылары макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташты жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмаларды беришти.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *