Лейлек районунун ылдыйкы аймагында жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө. Бак-дарактарды сугаруу, жер айдоо, үрөн себүү өнөктүгү башталган бул өрөөндө жылдагыдан быйыл дыйкандарга суу эрте берилди.
Райондук суу чарба башкармалыгынан маалымдагандай 1-марттан баштап Кулунду каналына суу берилди. Узундугу 33 чакырым болгон аталган каналдын аягында жайгашкан Ак-Арык айылынын тургундары быйыл жетиштүү өлчөмдө суу алып жаткандарына өзгөчө кубанышууда.
Эске сала кетсек сыйымдуулугу 3 куб болгон Кулунду каналы 2800 гектар аянтты суу менен камсыздап келет.