«Крокус сити холлдогу» кандуу окуя: Соттун чечими менен 4 шектүү камакта калтырылды
Москванын Басман соту «Крокус сити холлдогу» терактка шектелген Мухаммадсобир Файзов менен Шамсидин Фаридуниди 22-майга чейин камакка алды. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

Буга чейин эки шектүү Далержон Мирзоев менен Муродали Рачабалисодан темир тор артына жөнөтүлүп, күнөөлөрүн мойнуна алышкан.
Кармалгандар төртөө тең Тажик жарандары, алар Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси теракт жасаган деп айыпталып жатат. Бул беренеде өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Айта кетсек, Россиянын Тергөө комитети кандуу окуяда 137 киши каза тапканын айтты, аларды ичинен үчөө балдар болуп чыкты. “Россия сегодня” медиатобу менен RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян көз жумгандардын саны 143кө жеткенин жазган. Жаракат алгандар 182 кишинин тегерегинде деп болжолдонууда.

Смотреть статистику
Продвигать публикацию
Нравится
Комментировать
Поделиться