КОРРУПЦИЯ МЕНЕН БААРЫБЫЗ БИРДЕЙ КҮРӨШӨЛҮ

Соц.тармактарда бөлүшүү

9-декабрь коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Баткен мамлекеттик университетинин жыйындар залында облустук прокуратура тарабынан уюштурулган иш чара өттү.
Жыйынга Баткен облустук прокурорунун орун басары Жолдошев Жаныбек Ашимович, БатМунун ректору Гыязов Айдарбек Токторович жана Баткен облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Салимбек Бапов, студенттер жана мугалимдер катышты.
Бул иш чарада студенттердин коррупцияга каршы жек көрүү сезимин ойготуу максатында видеороликтер көрсөтүлдү. Аны менен катар студенттер тарабынан даярдалган коррупцияга каршы күрөшүү темасына арналган сахналаштырылган көрүнүштөргө күбө болушту.
Жыйындын жүрүшүндө Баткен облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Салимбек Бапов коррупция жана ага каршы күрөшүү боюнча кеңири маалымат берди.
Иш чара суроо-жооптор менен жыйынтыкталды.
Белгилей кетсек прокуратура тарабынан 11 айда 285 кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке ошондой эле 274 кызмат адамдары айыпка тартылып жалпы 864млн 669 миң сом зыян мамлекетке өндүрүлгөн.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *