Кыш мезгилинде үйдө өрт чыгуу коркунучу күчөйт. Көп учурда бул электр жабдууларын пайдалануу жана меш жылытуу эрежелерин бузуудан башталат.
Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоону эскертти.
– мешти күнүнө 3-4 жолу бир жарым сааттан ашык эмес жылытуу;
– мештин жанына отун сактабаңыз, анын үстүнө кийимдерди кургатпаңыз;
– дубалында жана морунда жарака кеткен, бузулган мешти колдонбоңуз;
– жылыткычтарды эмеректердин жанына койбоңуз;
– электр энергиясына ашыкча күч келтирбеңиз;
– күйүп жаткан мештерди жана жылыткычтарды кароосуз калтырбаңыз, аларга көзөмөл кылууну балдарга тапшырбаңыз.