Бүгүн, 8-майда Баткенде “Климаттын өзгөрүүсүнүн алдын алуу жана ага адаптация болууда аялдардын ролу” аттуу конференция өттү.
Бул иш чарага Кадамжай, Лейлек жана Баткен райондорунан аялдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн адистер катышты.
Өлкөнүн түштүк аймагында тактап айтканда Баткенде биринчи жолу өтүп жаткан бул конференцияга Бишкектен атайын адистер келишти. Алар айымдарга зордук-зомбулуктун алдын алуу, коомдогу аялдардын ролу жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдарда аялдардын ролуна өзгөчө басып жасап, кеңири маалыматтарды берди.
Белгилей кетсек бул иш чара жергиликтүү коомчулукту колдоо долбоорунун алкагында уюштурулду.
Эске сала кетсек бул иш чара Ош жана Жалал-Абад облустарында уланмакчы.