КЛАСТЕРДИК ИЗИЛДӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн, 29-август күнү Баткен шаарында Улуттук статком тарабынан көптөгөн көрсөткүчтөрү боюнча кластердик изилдөөнүн негизги жыйынтыктарын талкуулаган жыйын болуп өттү.
Ага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов, Улуттук статкомдун бөлүм бшчысы Тимур Мамбеталиев, Баткен облустук статистика башкармалыгынын башчысы Сабыр Ысмайылов, район акимдеринин, шаар мэрлеринин орун басарлары, ички иштер органдарынын, саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык тармактын өкүлдөрү катышышты.
Жыйынды Баткен облустук статистика башкармалыгынын башчысы Сабыр Ысмайылов ачып, кластердик изилдөө үй бүлөлүк зомбулукка карата мамиле, репродуктивдүү жана энелик ден соолук, балдардын тамактануусу, баланын укуктарын коргоо жана башкалар сыяктуу учурдагы статистиканын алкагында чогултулбай турган уникалдуу маалымат болуп санала тургандыгын белгилеп өттү.
Ал эми Улутстаткомдун өкүлү Тимур Мамбеталиев кеңири сөз сүйлөп, баяндама жасады.
Тимур Мамбеталиев белгилегендей, бул изилдөө натыйжалуу социалдык программаларды түзүү үчүн зарыл болгон жетишпеген маанилүү маалыматтарды топтоого мүмкүндүк берет.
Изилдөөнүн алкагында жалпы Кыргызстан боюнча 7,2 миң кожолук саламаттык сактоо, билим берүү жана аялдар менен балдарды социалдык коргоо менен байланышкан 185 көрсөткүч боюнча сурамжыланган.
Сурамжылоо билим берүү, саламаттыкты сактоо, аялдар менен балдарды коргоо жөнүндө маанилүү маалыматтарды берет.
Иш чарада катышуучулар өлкөдөгү аялдардын жана балдардын абалы жөнүндө негизги статистикалык маалыматтарды талкуулашты.
Белгилей кетсек, Улутстатком учурда өлкө аймагында изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын талкуулоо үчүн жер-жерлерде презентацияларды өткөрүүдө.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *