Соцтармакта өзбек тараптан чек арачылар эки кайык менен келип балык уулаган кыргызстандыктарды кубалады деген маалымат тараган.
Журналист УКМК башчысына “ээн-эркин балык ууласа, мал сугарса болот” деген келишим аткарылбай жатабы” деген суроо узаткан. Ташиев келишимди Өзбекстан 100% аткарып жатканын белгиледи.
“Кечээ эле Өзбекстанга барып, кесиптешим менен жолуктум. Чек ара башчысын чакырдык. Биздин эки жараныбыз балык уулап жүрүп, Өзбекстан тараптын жээгине, кургактыкка өтүп кетишиптир. Чек арадан өтүп кеткен үчүн камаш керек эле. Биз деле чек араны бузуп өтсө өзбек жарандарын камайбыз. Мыйзам ушундай. Өзбек чек арачылары адамгерчилик кылып эки жараныбызды катерге салып, биз тарапка чыгарып коюп, кайра кетишкен”, — деген Ташиев.
Ал тор менен балык кармоо бир гана Кемпир-Абадда эмес, Кыргызстандын бардык көлдөрүндө тыюу салынганын кошумчалаган. УКМК төрагасы кыргыз жарандарын чек арадан өтпөөгө чакырып, чек араны бузуп өткөндөргө мыйзам чегинде ара көрүлөрүн кошумчалаган.