Ак калпак кыргыздын улуттук баш кийими. Илгери хан шайлаганда башына ак калпак кийгизишкен. Бул анын акылы тунук, элине ак эмгек кылсын дегенди түшүндүргөн.
Калпактын төбөсүндө кайчылашып турган төрт сызык анын төрт курагын бириктирип турат жана күндүн, жашоонун символу деп эсептелет. Бул баш кийимдин төрт талаага бычылышында кыргыздардын сандык касиети каралган. Анткени төрт деген сан байыртадан көчмөн кыргыздарда өзгөчө мааниге ээ болгон. Аалам төрт тараптан: түндүк, түштүк, батыш, чыгыш; мезгил төрткө: жаз, жай, күз, кыш; төрт түлүк мал: төө, топоз, жылкы, уй деп бөлүнөт. Мындай сандык касиет калпакта атайын жасалган дешет.
Илимий жактан алгандагы артыкчылыгы. Калпак жасалган уяң жүн терди жакшы сиңирет. Ал өзүндөгү суунун бир бөлүгүн сиңирип алгандыктан аны кийген адамдын башы тердебей кургак жүргөнүнө шарт түзгөн. Жүндүн кылдарындагы миллиондогон аба жаздыкчалары суукта да, ысыкта да жылуулукту жакшы сактап турат. Кийизден жасалган калпак күндүн ден соолукка коркунуч алып келген ультрафиолет нурун адамдын мээсине өткөрбөйт.
1. Кыйуусу жашыл – балдардын калпагы. Аны бойго жете элек балдар кийет. Жашыл өң – жаштыктын, жашоо сапары башталаар алдында турганын жана көп нерсени үйрөнүү керектигин көрсөтөт.
2. Көк же ачык көк жээк – жаштардын калпагы. Бул өңдө 20 жаштан ашкан уландар кийген. Асмандын түсү өсүү жана жетилгендиктин символу болгон.
3. Күрөң жээктүү калпакты үй-бүлөсү чоноюп, жетиштүү турмуштук тажрыйба топтоп, мекенине пайдасын тийгизе турган мезгилдеги 30 жаштан ашкан эркектер кийчү.
4. Эркектер кырк жаштан кийин, башкаларга, жаш муундарга үлгү боло алган мезгилге келгенде жээктин түсүн күрөңдөн ачык күрөңгө өзгөртүшкөн.
5. 60 жылдык чекти аттаган адамдын баш кийими – жээгине кара жип менен кыюу салынган ак калпак болот. Мындай калпак – акылмандыкты билдирет. А эгерде абышка кара кийиздин чеги бар ак калпак кийсе, бул ага балдарынын экинчи жолу үйлөнүүсүнө уруксат беришти деген маанини туюндурган.
6. Эң ардактуу бүт тарабы ак түстөгү калпак – бул аксакалдардын баш кийими болгон. Ал адамдын абройун таануу белгиси катары берилген.