ӨКМдин маалыматы боюнча өрт 1-апрелге караган түнү саат 2:29 чамасында чыгып, аны өчүрүүгө 3 эсеп тартылган.
Жалын эки сааттан кийин чектөөгө алынып, эртең менен 7:01де толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда, адамдар жабыркаган жок.