Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата Кадамжайда 80 жаштагы Курсанали Дубанаев “Ардак” медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой Кадамжай РИИБдин ардактуу эс алууда жүргөн Курсанали Дубанаев Кадамжай РИИБдин өздүк курамы жана ардагерлери менен жолукту.
Бул жолугушуу Кадамжай РИИБдин башчысы милициянын подполковниги Болот Кундузовдун демилгеси менен уюштурулуп, жолугушууда Кыргыз милициясынын 100 жылдык тарыхын камтыган окуялар айтылып, тарых жараткан ардагерлердин эл кызматында аткарган иштери кенен баяндалып, жаш кызматкерлерге өрнөк боло турган кеп-кеңештер берилди.

Жыйындын аягында Баткен ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Дүйшөбай Ниязкулов 80 жаштагы ардагер Курсанали Дубанаевке Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Ардак” медалы тапшырылып, коомдук тартипти сактоодо ардагерлердин орду чоң экендиги айтылды.
Хайдаркан шаарынын тургуну 80 жаштагы Курсанали Дубанаев өмүрүнүн 32 жылын Кыргыз милициясына арнап, ыкчам кызматтарда иш алып барып, көптөгөн кылмыштардын бетин ачканга жетишкен. Ардагерибиздин 2 уулу дагы милиция кызматкери болуп кызмат өтөгөн.




