Мындай маалыматты Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн билдирди.
Ата-энелер , мектеп диреторлору жана класс жетекчилер, кафе-ресторандардын ээлери, катышкан жыйын өттү. Жыйында коомдук коопсуздукту камсыздоо жана башталгыч класстардын окуучуларына , коомчулукка ашыкча түйшүк жаратпоо максатында “Акыркы коңгуроо” салтанаты 45 мүнөттөн ашпаш керектиги айтылды.
Мектеп окуучуларынын ата-энелерине “Акыркы коңгуроо” салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынып, окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экендиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эске сала кетсек акыркы жылдарда 9-11 класстардын окуучуларынын бүтүрүү кечесин өткөрүүгө тыюу салынган.