
Көк бөрү боюнча Президенттин кубогун жеңген чабандестерди тосуп алуу жана сыйлоо иш чарасы өттү
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата, үстүбүздөгү жылдын 22-31-августуна чейинки аралыкта Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин көк бөрү боюнча кубогу өткөн.
Мелдеште Баткен облусунун атынан барган “Ак Илбирс” командасы баш байгени жеңип алган.
Чабандестерди бүгүн 11-сентябрда Баткен облусунда тосуп алуу жана сыйлоо иш чарасы өттү.














Аларды Баткен облусунун дарбазасынан Кызыл-Кыя шаарынын жетекчилиги баш болгон топ жылуу тосуп алып, республикалык мелдеште Баткен облусунун намысын коргогону үчүн жалпы командага ыраазычылык айтылып, жеңиш менен куттукташты.
“Ак илбирс” командасын Баткен шаарында куттуктоо иш чарасына КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баш болгон жетекчилер катышып,чемпиондук наамды жеңип келүү менен, Баткен элин сыймыкка бөлөгөн спортчуларга ыраазычылыктар айтылды.
Ошондой эле Баткен облустук Көк бөрү федерациясынын президенти Эрланбек Бекботоевге, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин “Ардак грамотасы”,жалпы жамаатына “Ыраазычылык каты” тапшырылды.