Сүлүктү ШИИБдин кызматкерлери тарабынан интимдик кызмат көрсөткөн сойкулардын, мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюунун алкагында, интимдик кызмат көрсөтүү, интимдик кызматты көрсөтүү үчүн уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылыйык 2024-жылдын 16-апрель күнү Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинде (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарында мессенджерлер аркылуу интим кызматтарын көрсөткөн уюштуруу иштерин жүргүзгөн жаран “Whatsapp” мессенджери аркылуу, мурда Бишкек шаарында вебком кызматы аркылуу интимдик кызматтарды көрсөтүп жүргөн кыздар, Бишкек шаарында сойкулукка жана ыплас иш-аракеттерге аеосуз күрөш башталганына байланыштуу, аймактарга качышып, оңой акча табуу максатында өз иштерин улантышып, саатына 100 АКШ доллары өлчөмүндө акчалай акыга интимдик кызмат көрсөткөн кыздар аныкталган.
Иликтөөнун жыйынтыгында Лейлек районунун 19 жаштагы жана 21 жаштагы тургундары аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Жогорудагы кыздар Раззаков шаарында жашыруун өздөрүнө ишеничтүү болгон атуулдардан буюртмаларды алып, интимдик кызматын көрсөтүп жүрүшкөн.
Учурда ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан мындан башка тийиштуу кылмыштарды аныктоо, ошондой эле мыйзамсыз интим кызматын көрсөткөн адамдарды аныктоо боюнча кошумча иштер уланууда.