Гонконгдо Кыргызстандан барган жүктөн 11,3 млн долларлык “метамфетамин” психотроптук заты табылганын ЖМКлар жазып чыгышты
Баңгизат ал жакка учак менен жеткирилген керамика палеттерине катылган.
Адатта Кыргызстандан мындай товар барбагандыктан, жергиликтүү бажычылардын шегин жараткан. Баңгизатты сатып алуу үчүн аэропортко барган 54 жаштагы киши кармалган.
Метамфетаминдин салмагы 88 кг экени айтылды. Полиция ишти иликтеп баштады.