Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн Тажикстан менен чектеш Интернационал айылыныны Малкана жерлигинден Камчинов Мансурбек менен Джумаев Рахманбердилер эки баш уйду Тажик тарапка өткөрүүгө аракет жасап жатканда кармалышты. Кармалган кыргызстандык эки жаран чек ара заставасына алынып келинип,андан ары териштирүү үчүн Ички иштер бөлүмүнө өткөрүлдү.
Эске сала кетсек мындай чек ара мыйзамын бузууга аракет кылган Кулунду айыл өкмөтүнүн жарандары буга чейин да бир нече жолу чек арачылар тарабынан кармалып ИИБге өткөрүлүп берилген.