1-августтан 22-августка чейин өкмөт өкүлдөрү аймактарды кыдырып, эл менен жолугат. Бул убакта маселени жеринде чече турган тиешелүү жетекчи, кызматкерлер менен кошо:



Баткен облусуна минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов келет .
Алдыда Баткен облусундагы белгиленген жолугушуунун өтө турган дареги жана убактысы боюнча маалымат сунушталат:
– 1-августта Лейлек району жана Сүлүктүү шаарында белгиленген жолугушуу саат 10:00дө Раззаков шаарындагы маданият үйүндө болот;
– Баткен району жана Баткен шаарындагы жолугушуу 1-августта саат 16:00дө А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өтөт;
– Кадамжай районундагы жолугушуу 2-августта Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүндө саат 10:00гө башталат;
– Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуу 2-августта саат 14:00гө шаардык мэриянын жыйындар залында болот.