147 ТАЛАПКЕР БОСОГО ПАЙЫЗДЫ ТОПТОДУ
Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей 13-апрелде республика боюнча мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун компьютердик тестирлөөсүнөн 147 талапкер ийгиликтүү өткөн.
Таагырагы, катышуучулардын 52%ы белгиленген 60% босого упайды топтоду:
– Бишкек шаары – 17 талапкер,
– Ош шаары – 3,
– Баткен облусу – 9,
– Жалал-Абад облусу – 25,
– Чүй облусу – 10,
– Нарын облусу – 16,
– Талас облусу – 11,
– Ош облусу – 32,
– Ысык-Көл облусу – 17,
– республикалык баш ийүүдөгү мектеп-интернаттар – 7.
Маалыматка ылайык, сынакка катышуу үчүн өлкө боюнча жалпы 490 талапкерден документ келип түшкөн. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча 58% талапкерге тестирлөөгө катышууга уруксат берилсе, ал эми 42% талапкердин документтери белгиленген талаптарга ылайык келбегендиктен четтетилген.
Тестирлөө Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору тарабынан өткөрүлдү.
Республика боюнча ваканттык орундардын саны – 407.
https://edu.gov.kg/posts/2803/