Эл өкүлү 2024-жылдын 28-мартында Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагына иш сапары менен барды. Иш сапарынын алкагында Миргул Темирбаева “Самат-Замборуч-Жаркыштак” автожолунан кабар алды. 2022-жылы жергиликтүү тургундардын кайрылууларынын негизинде көп жылдан бери бүтпөй жаткан “Самат-Замборуч-Жаркыштак” автожолуна асфальт төшөө маселесин депутат Жогорку Кеңештин трибунасында бир нече ирет көтөрүп, 2024-жылдын капиталдык салымдар беренесине киргизүү боюнча сунушун берген. Бул иш сапарында аталган маселени жеринен таанышып, райондун акими жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Лейлек районундагы өкүлдөрү менен “Самат-Замборуч-Жаркыштак” автожолунун 4-чакырымына асфальт-бетон катмарын төшөө иштерин тездетүү боюнча макулдашуу болду.
Мындан тышкары депутат аталган айыл аймактын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуу учурунда депутат парламенттеги ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, чогулган эл менен суроо-жооп иретинде пикир алмашты.
Жергиликтүү эл тарабынан жылуу каалоо тилектер айтылып, эл өкүлүнүн кылып жаткан иштерине ыраазычылыктарын билдирүү менен ак баталарын беришти. Ошондой эле Ыйык рамазан айында Миргул Темирбаева аталган аймакта жашап жаткан аярлуу катмардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн кабар алды.
Жолугушууга Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канымет Осмонбеков, Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагынын башчысы Рүстөм Худаяров, №13 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери Кудурет Салибаев жана жергиликтүү тургундар катышты.