Жогорку кеңештин депутаты Камила Талиева Лейлек районунун алыскы айылдарында болду. Иш сапардын алкагында депутат Бешкент айыл аймагына курулган “Лайлы” жалпы негизги билим берүүчү мектептин ачылышына катышты.
Эске сала кетсек, 2022-жылы башталган.150 окуучуга ыңгайлашкан мектептин жаңы имараты 97 млн сомго курулуп пайдаланууга берилди. Эл менен жолугушууда ЖК нын депутаты Камила Талиева акыркы мезгилдердеги өлкөнүн ыкчам өнүгүп жаткандыгын , анын далили катары буга чейин эске алынбаган алыскы айылдардагы жаңы мектептердин курулушун, Баткен облусуна ыйгарылган өзгөчө статусун алкагында өрөөндүн өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи. Анын далили катары бүгүнкү ачылып жаткан жаңы мектеп экендигин баса белгиледи.
Ошондой эле эл өкүлү мыкты мугалимдерге атайын сыйлыктарды жана заманбап компьютер, интерактивдүү такталарды тапшырды. Мындан сырткары Кыргыз нефти газ ачык акционердик коому тарабынан бөлүнгөн 200 мин сомдук сертификатты тапшырды .