Чек арадан мыйзамсыз металл жана микросхемаларды өткөргөн жаран кармалды

Соц.тармактарда бөлүшүү

2025-жылдын 18-мартында түнкү саат 02:30да УКМК кызматкерлери чек арачылар менен бирге Лейлек районунун Арка-2 айылынын М.Айтбаев көчөсүндөгү №7 үйүнө текшерүү жүргүзүшкөн. Тажикстандан Хундай Портер үлгүсүндөгү мамлекеттик номери жок унаанын кирип, кайра чыгып кеткенин аныкташкан. Жерине айылдык милиция бөлүмү менен биргеликте кирип, текшерүү жүргүзүү учурунда 994 кг жез жана 1419 кг микросхемалар табылган. Текшерүүнүн натыйжасында, кошуна мамлекеттен келген унаа жездерди жана колдонулган микросхемаларды таштап кеткендиги белгилүү болгон.

Бул окуя боюнча үйдүн ээси, 1987-жылы туулган Мурадбек Усенов, Арка-2 айылынын тургуну кармалды. Ал чек арадагы мыйзамсыз иш-аракет жана аткезчиликке шектелип, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *