Быйыл мектепти бүтүп жаткандарга аттестат, күбөлүктөр электрондук түрдө да берилет
Билим берүү министрлиги кагаз документтин санарип версиясы “Түндүк” порталына киргизилерин белгиледи. Бул аны жоготуп алганда кайра калыбына келтирүүгө жардам берет. Порталдан аттестат, күбөлүктүн дубликатын чыгарып алса болору айтылды.