БШКнын ТӨРАЙЫМЫ НУРЖАН ШАЙЛДАБЕКОВА БАТКЕНГЕ КЕЛДИ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Үстүбүздөгү жылдын 28- апрелинде №2 Баткен бир мандаттуу округу боюнча депутаттарды шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөт.
Эске сала кетсек, аталган округ боюнча депутаттыкка талапкер болуп, 12 жаран талапкер болуу ниетин билдирген. Алардын төртөөсү каттоодон өтүп, калган алтоосу учурда тиешелүү документтерин тактоо жана толуктоо процессинде. БШК нын төрайымы Н.Шайлдабекованын маалыматтарана таянсак каттоо 8-апрелде аяктайт.
Бүгүн КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында укук коргоо органдары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана шайлоо участкаларынын төрагалары, мүчөлөрү катышкан жыйында БШКнын төрайымы шайлоону өткөрүүнүн жол-жоболору жана мыйзамдары жөнүндө кеңири маалымат берди. Өкүл А. Алимбаев шайлоо учурунда мамлекеттик кызматкерлерди үгүт иштерине катышпоого чакырды.
28-апрелде 81 шайлоо участкаларынан, шайлоого 112432 шайлоочу катышат.
Баткен округундагы бул саясий өнөктүктү өткөрүүгө 6000000 дон ашык каражат каралган.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *