“Биз өндүргөн өрүк майын чет өлкөлөр да сурап жатышат”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Төлөмүшов Турсуналы, “Алыш-Дан-Органик” айыл чарба кооперативинин жетекчиси:

“Биз өндүргөн өрүк майын чет өлкөлөр да сурап жатышат”

Төлөмүшов Турсуналы Пирмаматович – кесиби боюнча зоотехник. 2008-жылы “Алыш – Дан – Органик” айыл чарба кооперативини түзгөн. Баткендин өрүгүн нукура табигый органикалык жол менен дүйнөлүк базарга алып чыгуу максатын көздөп, акыркы беш жылдын ичинде күткөн ийгиликтерин жараткан. Учурда Баткендин өрүгүнө алдыңкы өнүккөн өлкөлөр – Германия, Россия, Япония жана Индия сыяктуу өлкөлөр кызыга баштады. Бир эле өрүк менен эмес, өрүктөн кошумча азыктарды да даярдап чыгара баштаган “Алыш-Дан-Органик” кооперативинин жетишкендиги нукура, дарылык касиети күчтүү өрүк майын чыгарууда.
Эске сала кетсек, кант диабети, боор, нерв, ашказан жана башка оорулардын табылгыс дабасы болгон өрүк майын эми Орусия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү сурап жатышат.
Биз ишкер өдүрүүчү “Алыш-Дан-Органик” кооперативинин негиздөөчүсү Тцрсцналы Төлөмүшов менен бул багытта баарлаштык.

-Турсуналы Пирмаматович, сиз акыркы 5 жылдан бери Баткендин өрүгүн дүйнөгө таанытайын деп жүрөсүз. Бул аракетиңиздин натыйжалары кандай болуп жатат?
-Биз “Алыш-Дан-Органик” айыл чарба кооперативини түзгөнүбүздүн максаты- өзүңүз айткандай Баткендин дарылык касиети бар, даамдуу өрүгүн дүйнөлүк базарларга алып чыгуу. Мен Түркияда өткөн жарманкеде бир эле өрүктөн 140тан ашык азыктарды өндүргөнгө болоорун угуп таң калдым. Ошондон кийин өзүнчө ойлонуп, эмне үчүн бизде чыгарганга болбосун деп өрүк куруттарын, батондорду, өрүк шербеттерин жасап баштадык. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Японияда, Германияда, Түштүк Кореяда эл аралык алкакта өткөн жарманкелерде атаандаш катары катыштык. Ошондон кийин Баткендин өрүгүн сурай баштады. Ошентип акыры БУУнун Азык-түлүк программасы менен өнөктөш болуп, нукура өрүктөн май азыктарын алгандан кийин сөөгүн өзүнчө бөлүп, дагы табигый кошулмалар менен “Бат-бат” деген шириндиктерди чыгара баштадык.

-Сиздер чыгарган өрүк майына өлкө боюнча суроо-талаптар көп болгондугун угуп жатабыз. Ушул өрүк майы жөнүндө кененирээк токтолосузбу?

-Биз өзүбүз чыгарып жаткан өрүк майынын мынчалык даңазаланып кетиши күтүүсүз болду. Бир күн отурсак Жалал-Абаддан бир жигит өрүк майын издеп телефон чалып калды. Биз алыстабыз, айылдабыз деп дарегимди айттым эле дароо эле жетип келди. Себебин сурасам атасы кант диабети менен жабыркап Түркияга дарыланууга барганда Япон дарыгерлери өрүк майы менен дарыланууну сунушташыптыр. Ошол боюнча бизге келип, өрүктүн данегинин майын алып кетти. Арадан он күн өтпөй телефон чалып, атасынын канындагы канттын курамы нормага түшүп калгандыгын айтып мага ыраазычылык билдирди. Ошондон кийин биз өндүргөн өрүк майына болгон суроо-талаптар көбөйүп, сурагандар күнү-түнү тынчыбызды алып жатты. Элдин суроо-талабын канааттандыруу үчүн дем алышсыз иштеп жаттык. Көрсө, өрүктүн майы бир эле кант диабетине эмес башка дагы боор, нерв, ашказан, суук өткөндөргө даба болгон табылгыс дары болуп чыкты.

-Өрүк майына суроо – талаптар чын эле көп болуп жатат. Өлкө боюнча алтурсун, Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан дагы өтүнүчтөрдүн түшүп жаткандыгынан кабарыбыз бар. Бул муктаждыктардын баарын канааттандырууга мүмкүнчүлүгүңүздөр жетеби?

-Ооба туура айтасыз. Биз биринчи өзүбүздү камсыз кылабыз деп чечтик. Ошондуктан Лейлектен тартып, Нарынга чейин элдин муктаждыктарын канааттандыруу максатында дүкөндөрдү ачып, 100мгдык идиштеги өрүк майына бирдей баа 350 деп койдук. Бул баа Нарында, Ысык-Көлдө, Таласта да бирдей туруктуу сатылат. Андан ашырбагыла деп талап койгонбуз. Келечекте биз бир тоннага чейин баалуу бул продукцияны өндүрүп, Японияга, Орусияга жана коңшулаш өлкөлөргө да экспорттойбуз деген жакшы тилегибиз бар.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *