Бишкекте жаңы жылды кандай маанайда тосуп алышты?

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бишкекте жаңы жылды кандай маанайда тосуп алышты?


56

31-декабрда борбордук “Ала-Тоо” аянтында майрамдык концерт болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Шаардыктарды жана конокторду жаңы жыл майрамы менен маданият башкармалыгынын солисттери, чыгармачыл жамааттары жана эстрада жылдыздары куттукташты.

Жаңы 2024-жылды башкы аянтта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев, мэрдин орун басарлары, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери тосуп алышты.
«Жаңы жыл Кыргызстандын ар бир жаранына, борбордун жашоочусуна жана анын конокторуна, ошондой эле ар бир үй-бүлөгө мол кубаныч, бакубатчылык, ден соолук жана бардык жакшылыктарды алып келүүсүн каалайм! Келгиле, биримдикте, достукта алдыга умтулалы!”, — деди мэр.
Иш-чарада борбор калаанын мэри көркөм чыгармачылык сынагына катышкан Чынарбек кызы Назгүлгө 500 миң сомдук сертификат тапшырды.

Майрамдын кульминациясы укмуштуудай лазердик шоу болду.

source


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *