
1-орунду “Ден соолук” командасы алып, 400 миң сом уткан

2-орунду “Коопсуздук” командасы ээлеп, 300 миң сом байге алган

3-орунду “Спорт чеберлери” алып, 200 миң сомго ээ болушкан

Президенттин командасы 4-орунга ээ болуп, 100 миң сомдук сертификат менен сыйланган
Мындан тышкары, мыкты дарбазачы, мыкты чабуулчу жана мыкты оюнчуга жекече сыйлыктар тапшырылган.
Садыр Жапаров эми футбол, волейбол жана баскетбол менен мектеп окуучулары гана эмес, чоңдор, аксакалдар дагы активдүү алектенерин белгилеген.
Оюнга жалпысынан 16 команда катышып, 1 млн сом байге фонду коюлган.