Биринчи кезекте, мекендин келечеги үчүн эмгек кылуу керек

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Мирбек Толтоев:

“Мекенди сүйүү үчүн жөнөкөй сөз менен айтканда мекенди коргоо, анын келечеги үчүн талыкпай эмгек кылуу керек.”

Саламатсызбы Мирбек Мукашбекович. Сиз Баткен облусундагы эң ыкчам, жыйнактуу (компактный) шаарда коопсуздукту камсыздайсыз. Анын үстүнө бул шаар көп улуттуу шаар. Ушундай шаарда кылмыштын кайсы түрлөрү көп катталат.
– Саламатсызбы. Туура айтасыз, Кызыл-Кыя көп улут жашаган жыйнактуу шаар. “Таштемир ажы” борбордук базары биздин шаарда жайгашкандыктан бизге Ош облусунун Ноокат, Араван райондорунун тургундары, Кадамжай районунун жашоочулары келип соода-сатык кылып кетишет. Үстүртөн айтканда шаарга бир күндө 30-40 миң адам кирип чыгып турат.
Бизде негизинен уурулук менен алдамчылык кылмыштары көп катталат. Уурулук фактысына токтолсом, 2024-жылдын 9 ай ичинде баардыгы болуп 70 уурулук кылмыш иштери өндүрүшкө алынып, 54 кылмыш иштин бети ачылып, ачылуу пайызы 77.1 % пайызды түзгөн. Ал эми алдамчылык кылмыш иштери быйыл 9 ай ичинде 71 кылмыш иши катталып, 52 кылмыш ишинин бети ачылган, ачылуу пайызы 73.2 % түзгөн.

– Учурдун көйгөйлүү темасы болуп жаткан үй-бүлөлүк зомбулук темасы сиздерде кандай болуп жатат?
– Ооба, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук өлкө аймагында учурдун көйгөйү болуп жатат. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн пикир келишпестиги, материалдык жактан жетишпестиги ушул көйгөйдү жаратууда. 2024-жылдын 9ай ичинде Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына жалпы 69 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары катталган. 69 атуулга убактылуу коргоо ордерлери толтурулуп берилип, көзөмөлгө алынган. Катталган 69 учурдан 25 атуулга Кыргыз Республикасынын укук бузуу кодексинин 70-беренеси боюнча 25 протокол түзүлгөн.
Кызыл-Кыя ШИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү милициянын көчмө кабылдамасы менен түзүлгөн графиктин негизинде шаар аймагын кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн тактап билет. Ар бир аймактардагы кылмыштуулуктун абалы аларга жеткирилип, түшүндүрүү, эскертүү иштерин милиция кызматкерлери берип келет. Жергиликтүү тургундар тарабынан берилген сунуш-пикирлер, арыздар бизге келип, биз аларды иреттеп тийиштүү мекеме-ишканаларга жөнөтөбүз.
Мындан сырткары жеке өзүм жергиликтүү квартал башчылар, айыл аксакалдарына жолугуп, коомдук тартипти камсыздоо максатында элдик жыйындарды өткөрүп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында бир топ эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турам. Укук бузуулардын алдын алуу багытында 20-сентябрда “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы шаардык деңгээлде Форум өткөрүлдү. Ал эми жаш балдар тарабынан зомбулуктун алдын алуу багытында менин орун басарларым билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.

– Жергиликтүү бийлик менен кандай иштерди алып барып жатасыздар?
– Шаардын коопсуздугун камсыздоо, коомдук тартипти сактоодо жергиликтүү бийлик бизге жакындан жакшы жардамдарды берип, ар дайым колдоп келет. Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков жана шаардык кеңештин депутаттарынын жардамы менен быйыл жыл башында Караван айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратын куруу жана шаар аймагында үч жерге милициянын таяныч пунктун куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берди. Ошондой эле санарип багытында милицияларга жеңил шарттарды түзүү максатында милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнө 15 даана планшеттерди алып берип, шаар мэри өзү келип тапшырып кетти. Азыркы кундө шаар аймагындагы бөлүнүп берилген жерге 2 таяныч пункту жана бирдиктүү терезе курулуп ишке берилген. Ошондой эле Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата бөлүмдүн имаратынын ичи толук ремонттон өттү.

– Ардагерлер менен бат-баттан жолугуп, аларга камкордук көрсөтүп турганыңызды көп байкайбыз. Ушул багытка токтолуп өтсөңүз.
– “Карысы бардын – ырысы бар” деп бекеринен айтылбаса керек. Ардагерлер булар биздин насаатчыларыбыз, таянычыбыз. Биз жаштар ар дайым ардагерлерге кам көрүп, алардын насааттарын алып, өрнөк жолун улап турушубуз керек. Кызыл-Кыя шаар аймагында жалпы биздин 90 ардагерибиз бар, алар менен биз ар дайым тыгыз иш алып барып, бат-баттан жолугушуп турабыз. Жеке өзүмдүн демилгем менен жыл башында 20 ардагерге азык түлүк жагынан жардам берилди. Ал эми ушул жылдын июн айынын аяктарында ден соолугунан кыйналып жүргөн 74 жаштагы эки ардагерге Ош шаарындагы Мамакеев санаториясына 10 күндүк жолдомо бердим. Ошондой эле бизде Ооган согушунун ардагерлери дагы бар, аларды да майрамдарында унутта калтырбай куттуктап белек-бекчегибизди берип турабыз. Ал эми Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карай жакын арада эле 10 ардагерибизди куттуктап, аларга баалуу белектер жана акчалай жардамдар берилди.

Кайрымдуулук иштерин көбүрөөк жасап, өздүк курамыңызга жакшы дем берет деп көп угабыз. Ушул жаатка кенен токтолуп кетсеңиз.
– Өздүк курам бул чоң армия, күч. Алардын ар бирине өзүнчө көңүл буруп, жасаган иштерин көзөмөлдөп, окутуп, багыт берип туруу бул жетекчинин милдети. Милиция бул – коомдун күзгүсү. Ошондуктан ар бир кызматкерге таасирдүү тарбия, жетишерлик билим берилип, жумасына эки ирет окуу тарбия сабактары өткөрүлүп турат. Ар бир жылдын аягында ким кандай иштеди деген чечим чыгып, өз милдетин так жана жигердүү аткарган кызматкерлерге демилге көтөрүп былтыр кол сааттарды бердим. Бул да болсо кызматкерлердин алдыга умтулуп иштөөсүнө дем берет деп ойлойм.
Ал эми кайрымдуулук иштерин элге билдирип да, билдирбей дагы көп жасайм. Былтыр балдардын жаңы-жылында ата-энеси мигрант, жарым жетим, аз камсыз болгон 100 балага белектерди берип, арча майрамын уюштуруп бердим. Балдар – бул жердин жандуу гүлдөрү. Аларды четте калтырууга болбойт, бала жылмайса аалам жылмаят. Балдардын коргоо майрамы дагы эч качан унутта калбайт. Акыркы коңгуроо майрамында жакшы окуган 30 мектеп окуучусуна стипендия тапшырдым. Бул саамалыктардын баары балдардын алдына карай басышына дем болсун дейм. Милиция кызматкерин алар жакын досундай көрүп, ишенгенде гана балдар арасындагы кылмыштуулук, укук бузуулар токтосо керек.

– Мекен Сиз үчүн эмне?
– Мен Мекен деген сөздү эки мааниде түшүнөм. Кең мааниде бул адамзат төрөлгөн өлкө, кайсыл бир элге илгертен бери тиешелүү болгон аймак. Тар мааниде бул адамдын ошол өлкөдө туулуп өскөн жери жана турагы. Мекенди сүйүү үчүн жөнөкөй сөз менен айтканда мекенди коргоо, анын келечеги үчүн талыкпай эмгек кылуу керек. Мекендин өнүгүүсүнө, анын туруктуулугуна колунан келген салымын кошуш ар бир инсандын милдети болушу керек. Анткени мекендин өнүгүүсү анда жашаган адамдардан көз каранды. Эч ким, эч качан сырттан келип биздин мекенди өнүктүрбөйт. Ошондуктан ар ким колунан келишинче мекен үчүн ак кызмат кылса, мекендин өнүгүүсү жана сакталуусу толук мүмкүн.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *