Бир жылдан кийин «Ала-Арчага» унаа менен кирүүгө тыйуу салынат

Соц.тармактарда бөлүшүү

2025-жылы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын ичинен автоунаа киргизилбейт. Мындай чара парктын экологиясын сактоо максатында көрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, ага карабастан коноктор үчүн бардык шарттар түзүлөт.

«Парктын кире беришине 5 миң машинеге ылайыктуу унаа токтотуучу жай курулат, ал эми конокторду ташууга атайын экологияга зыян келтирбеген көлүктөр алынат», — деди ал.

Туманбаев ошондой эле парктын кызматкерлеринин айлык акысы жогорулай тургандыгын кошумчалады.

«Демилгени президентибиз өзү кубаттады. Бул кадам меймандарды сапатуу тейлөөгө жана кызматкерге кам көрүүгө багытталды», — деп баса белгиледи президенттин иш башкаруучусу.

Белгилей кетсек, Туманбаев буга чейин парктын айланасындагы эски музейдин кеңсеси толук реконструкциядан өтүп, жогорку класстагы мейманканага айлангандыгын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ



source


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *