Берилген техникалык каражаттар милициянын ишин жеңилдетет

Соц.тармактарда бөлүшүү

Сүлүктүдөгү милициянын ишин жакшыртуу максатында жергиликтүү бийлик жардамдарды көрсөтүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Сүлүктү ШИИБдин башчысы милициянын подполковниги Шабдан Шамшиевтин демилгеси менен шаар аймагындагы укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө багытында Сүлүктү шаарынын мэри Абдыжапаров Болот Шаршеналиевичтин колдоосу менен Сүлүктү ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсүнө 1даана ZEBRA ET45CA-101 үлгүсүндөгү планшет, ал эми милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнө 5 даана Hytera VM750D үлгүсүндөгү заманбап боди камералар докстанция комплектери менен тапшырылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Тапшыруу аземинде Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров шаар аймагындагы коомдук тартипти сактоодо, укук бузуулардын алдын алууда милиция кызматкерлеринин орду жогору экендигин, заман талабына ылайык учурдагы заманбап техникалар коомдун коопсуздугун сактоодо чоң жардам берерин айтып өттү.
Берилген техникалар милиция кызматкерлеринин ишин жакшыртууда жана жарандарга жеңил шарт түзүп, тейлеген административдик аймактагы бардык маалыматтарды камтыган, административдик аймактык түзүлүштү мүнөздөөчү курал катары пайдаланылат.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *