“Бейиш эненин таманында” тасмасы Москвада өткөн III Эл аралык туура багыттагы кино фестивалынын баш байгесин жеңип алды

Соц.тармактарда бөлүшүү

10-майда Москва шаарында сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Конкурстун Баш байгесине өзгөчө адам, аң-сезим жактан өсүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган 35 жаштагы Адил деген жигиттин тарыхын, эненин балага болгон күчтүү сезимин чагылдырган кыргызстандык режиссер Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» атуу көркөм тасмасы ээ болду.

Салтанатта «Дебют», «Мыкты режиссёр», «Мыкты даректүү тасма», «Мыкты кыска метраждуу фильм», «Мыкты анимациялык фильм», «Мыкты сценарий», «Биздин замандын каармандары» номинациялары боюнча фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сынакка жалпысынан 140тан ашык арыз келип түшкөн. Анын ичинен Россия, Беларусь, Кыргызстан, Кытай, Сербия жана башка өлкөлөрдөн 33 эмгек тандалып алынган.

Сыйлык аземге катышкан Россиядагы Кыргызстандын элчилигине берилди. Эми Руслан Акунга жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек,  Эл аралык туура багыттагы кино фестивалы 2022-жылдан бери өткөрүлүп келет. Былтыртан бери эл аралык статуска ээ.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *