2024-жылдын 16-декабрында өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 90 мыкты студенттерине Президенттик стипендияларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Анда Баткен мамлекеттик университетинин А.А Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык экономикалык институтунун Педагогика жана экономика факультетинин Англис-тили профилинин 4-курсунун студенттери Саитмуратова Машхура, Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы профилинин 4-курсунун студенти Абдижалил кызы Айзат ,
Англис-тили профилинин 4-курсунун студенти Закирова Ыхвалай Президенттик Стипендия менен сыйланышты.
Белгилей кетсек буга чейин аталган институттун 28 студенти президенттик стипендия алууга жетишкен.