Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана математика кафедрасында “Экологиялык кризис чек араны тандабайт” аттуу экологиялык жумалык старт алды. Иш-чаранын алкагында айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчилик темасында студенттер менен профессордук-окутуучулук курам ачык диалог жүргүзүүдө.
Жумалыктын алгачкы күнүндө студенттер окутуучуларды жылуу маанайда тосуп алып, шириндиктер жана жакшы каалоо-тилектерин жолдошту. Бул кадам өз ара урмат-сыйдын жана жаратылышты коргоого болгон биргелешкен аракеттин символу болду.
Табият — жалпы үйүбүз. Аны сактоо — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз.