БАТКЕНГЕ КЫРГЫЗСТАН ПРОФСОЮЗДАР ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ КЕЛДИ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргызстанда жалпы профсоюздар тармагында жаңылануулар башталды. Бул боюнча Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу Баткен облустук админстрациясынын жыйындар залында айтты.
Бул жыйынга бардык район шаарлардын аким-мерлердин орун басарлары, саламатыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба, маданият тармактарын тейлеген профсоюз уюмдарынын төрагалары катышты.
Жыйынды КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Туллаев алып барды.
Жыйында эмгекчилерди социалдык-экономикалык жана укуктук жактан коргоо жаатындагы уюмдун милдети, максаты кеңири талкууланды.
Тактап айтканда:
-Борбордук комитеттеги оптималдаштыруу
-Санатордук-курорттук мекемелердин абалы, оңдоп түзөө иштеринин жүрүшү
-Эс алууга жарыяланган мораторий
-Ден-соолук чыңдоо фондунун ишмердүүлүгү
-Эмгекчилердин укугун коргоо
-Аймактарда өкүлчүлүктөрдү ачуу
-Сырткы байланыштарды чыңдап, мигранттардын укугун коргоо маселелери каралды.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *