Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, 2024-жыл үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сом акча каражатына, облус боюнча 23 долбоор ишке ашырылды.
Бүгүнкү күнгө карата 7 долбоор аткарылып бүттү.
Алар:
1.Самаркандек айыл аймагында туристер үчүн кароо аянтчасы
2.Кара-Бак айыл аймагындагы туристер үчүн кароо аянтчасы
3.Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагындагы муниципалдык айыл чарба продукцияларын сактоочу борбору
4.Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы узундугу 5 км болгон ички жолду асфальттоо иштери
5.Кадамжай шаарындагы айыл чарба продукцияларын сактоочу логистикалык борборунун курулушу
6.Кадамжай шаардык мэриясынын муниципалдык балансындагы Ибн Сина дарыканасынын имаратын кайра профилдештирип, балдар бакчага айландыруу
7.Ак-Турпак айылындагы Кожешкен дарыясынын 250 м аралыгын бекемдөө иштери
16 долбоор аткарылууда. Алар;
1.Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына сары ташты кесип кайра иштетүүчү заводун куруу;
2. Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Кожешкен дарыясынын 500 м аралыгын бекемдөө;
3. Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагындагы туристер үчүн кароо аянтчасын куруу;
4.Кадамжай шаарына муниципиалдык бардык мезгил үчүн жабык спорттук суу бассейинин куруу;
5.Айдаркен шаарына муниципалдык таш майдалоочу жана темир бетон курулуш материалдарын өндүрүүчү цех ачуу;
6. Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагына муниципалдык айыл чарба продукцияларын сактоочу борбор куруу;
7.Лейлек районунун Кайрагач айылына ҮДТ имаратын жаңыдан куруу
8.Лейлек айыл аймагындагы Баул айылына ҮДТ имаратын жаңыдан куруу
9.Лейлек районунун Айбике айылына ҮДТ имаратын жаңыдан куруу
10. Лейлек районунун Саркент – Ак-Суу дарыясынын жээгине 2500 метр узундуктагы таш дамба каналын куруу
11.Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына соода сатык борборун куруу иштерин улантуу
12.Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына муниципалдык автобекет куруу иштерин улантуу
13.Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынындагы өнөр жай комплексинин инфратүзүмүн жакшыртуу жана долбоордук-сметалык документациясын даярдоо
14.Кызыл-Кыя шаарынын Сухой-Сай участогунда “Дʏң соода комплексин” куруу иштерин улантуу
15.Кызыл-Кыя шаарынын аймагына “Мейманкана” куруу
16.“Кызыл-Кыя шаарынын аймагына эки “Үй бүлɵлүк дарыгерлер тобунун” имараттарын куруу” долбоору
Белгилей кетсек, 23 долбоордун ичинде каржылоосу жылдан жылга уланып курулуучу ири долбоорлор да бар.













